Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Аябай сүйүнүү, катуу кубануу, өтө кубанычта болуу. Кубанычы койнуна батпай, ар кайсы жерге бир тийип жүгүрүп жүрөт («Чалкан»). Зууранын кубанычы койнуна батпай келинине жалбарып, бетинен өпкулөйт (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай сүйүнүү, катуу кубануу, өтө кубанычта болуу. Чолпондун иши оңунда болгонго кубанычы койнуна батпай, жүрөгү элеп-желеп (Байтемиров). Кубанычы койнуна батпай, ар кайсы жерге бир тийип жүгүрүп жүрөт («Чалкан»). Зууранын кубанычы койнуна батпай келинине жалбарып, бетинен өпкүлөйт (Сыдыкбеков). В.: Кубанычы койнуна сыйбоо. Кубанычым койнума сыйбайт, азыркы таалайлуу заманыбызга ыраазымын («Ала-Тоо»). Жапардын кубанычы койнуна сыйганы жок (Баялинов). Кубанычы койнуна толуу. – Кубанычы койнуна толгон Мукаштын жүрөгү дикилдеп аптыгат (Эсенканов). Нурматтын көңүлү көтөрүлүп, кубанычы койнуна толду (Жантөшев). Кубанычы маңдайына батпоо. Кубанычы маңдайына батпай, сыймыктанып келе жатыптыр (Айтматов). Кубанычы жерге батпоо. Кубанычы жерге батпай жүрөк толкуйт, Андыктан келген элем сүйүнчүлөп (Байтемиров). Кубанычы ичине сыйбоо. – Кубанычы ичине сыйбаган абышка өзүнчө күбүрөп, тизгин какты (Жапаров). Кубанычы ичине батпоо. Кубанычтары ичине батпаган балдар арабага толушуптур (Осмоналиев). Кубанычы денесине сыйбоо. Тоголок Молдо күдүңдөп, кубаттанып, кубанычы денесине сыйбай, сүрдүү жооптуулукту сезгендей көрүнүүдө (Бейшеналиев). Сүйүнүчү койнуна батпоо. Сүйүнүчү койнуна батпаган Оросул начальник кеткенден кийин бажаңдап ар нерсени сүйлөдү (Осмоналиев). Кубанычы көөдөнүнө батпоо. Тууган жер көз алдыга келет, Кубанычым көөдөнүмө батпайт (Өмүрбаев).